"Пил болсо аны дагы алып киришмек". Акылбек Жапаров тойлордогу жосунсуз жоруктарды сындады
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү тойлорду бир түрдүү кылып өткөрүүгө чакырды. Ал мындай пикирин кечээ, 26-февралдагы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынында айтты.
Жапаров аталган жыйында кыргыздын бардык каада-салттарын бир тартипке келтирүүнү суранып, тойлордо жосунсуз жоруктар көбөйгөнүн белгилеген.
"Бала Нью-Йоркто төрөлөбү, Кочкордобу же Кочкор-Атадабы каада-салттардын баарын бирдей кылып берсеңиздер. Кыргыздын тою болуп жатат. Тушоо кесүүсү болуп жатат, кыз узатып жатат, келин алып жатат дегендердин баардыгы бир түрдүү болсо. Ар бир тамада каалагандай кылып өткөрөт. Ар бир үй-бүлө өзүнүн аң-сезимине, деңгээлине жараша өткөрөт. Жакында эле тойкананын ичине атты алып киргенин көрдүк. Пил болсо аны дагы алып кирмек. Болгон каада-салттын баарын ирээттеп берсеңиздер деген өтүнүч да", - деди ал.
Ошондой эле өкмөт башчы башка улуттар, туристтер бизде бала төрөлгөндө кандай каада-салттар бар экенин жана алар кандай экенин түшүнүү үчүн кадаа-салттар бирдиктүү болсо дейт.
Видео
