super.kg logo

"Манас" аэропорту жогорку технологиялык жаңы жабдууларды сатып алды (фото)

 

"Манас" эл аралык аэропорту жаңы жогорку технологиялык жабдууларды сатып алды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аэропортто тейлөө деңгээлин жана эксплуатациянын натыйжалуулугун жогорулатууга умтулуу менен техникалык инфраструктураны модернизациялоо жана чыңдоо иштери уланууда.

"Бул стратегиянын алкагында аэропорт учактарды жана аэропорттун өзүн үзгүлтүксүз эксплуатациялоону жана тейлөөнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жаңы жогорку технологиялык жабдууларды сатып алды", - деп айтылат маалыматта.

Жаңы сатып алынган техникалардын арасында жүктөрдү тез жана ишенимдүү жеткирүү үчүн арналган заманбап үч жүк ташуучу атайын техника жана аба кемелерин энергия менен камсыз кылуу үчүн жети дизелдик энергия булагы бар. Мындай аракет өлкөнүн аэропортторунун техникалык тейлөө процесстерин жана үзгүлтүксүз иштешин оптималдаштырууга жардам берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: