super.kg logo

Баткенде уурулукка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды

 

Баткен облусунда уурулукка шектелип мурда бир нече жолу соттолгон Оштун жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, Кадамжай районунун Үч-Коргон жана А.Масалиев айыл аймагынын айылдарында жашаган жарандардын үйүнө акыркы ай ичинде таңга маал бир белгисиз жаран кирип, жашоочулардын кол телефондорун жана баалуу буюмдарын уурдап жаткандыгы жөнүндө Кадамжай РИИБне 9 арыз келип түшкөн.

Бул арыздар Кадамжай РИИБдин кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде ушул жылдын 26-февралында Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын мурда бир нече жолу соттолгон 21 жаштагы Ж.Э. аттуу тургуну аныкталып, Кызыл-Кыя шаарынан кармалды.

Анын Кызыл-Кыя шаарындагы убактылуу иштеткен караоке жайынан далил буюм катары планшеттер, кол телефондор, жана сумкалар табылды", - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: