super.kg logo

Бишкекте темир жолду кесип өтүүчү эки жол салынуусу үчүн 108 гараж буздурулууда

 

Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү "№27а гараж" кооперативи демонтаждалууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бакаев көчөсүндө Лев Толстой көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки темир жол аркылуу эстакадалык өтмөк курууга тоскоолдук жараткан 108 гаражды бузуу иштери "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын долбоору боюнча жүргүзүлүүдө.

"Буга чейин 15-февралда "Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар" муниципалдык ишканасы "№27а гараж" кооперативин менен унаа токтотуучу жайларды берүү боюнча ижара келишимин бузган. 16-февралда жетекчилик тарабынан 5 күндүн ичинде ыктыярдуу түрдө муниципалдык жерлерди бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте темир жолду кесип өтүүчү эки жол салынары кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: