super.kg logo

Орусия 1-марттан тарта бензин экспортуна тыюу салды. Анын Кыргызстанга тиешеси барбы?

 

Орусиянын өкмөтү 1-марттан тарта бензин экспортуна убактылуу тыюу салат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.

Маалыматтарга караганда, чектөөлөр алты ай күчүндө болот, бирок анын ЕАЭБ өлкөлөрүнө (Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстан), Монголияга, Өзбекстанга, Абхазия жана Түштүк Осетияга тиешеси жок.

Бензинди экспорттоого убактылуу тыюу салууну Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак сунуштаган. Анын айтымында, жакын арада ички базарда күйүүчү майга болгон суроо-талап жогорулайт. Бул жазгы талаа жумуштарына, мунайды кайра иштетүүчү заводдордогу пландуу оңдоо иштерине, ошондой эле жайкы каникул мезгилине байланыштуу.

Ошондой эле биржада дизель сатуу нормативи 16 пайызга чейин көтөрүлөрү да кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: