super.kg logo

Бишкекте таштанды ыргыткан бир катар компанияларга айып салынды

 
Бишкек шаарында муниципалдык инспекциянын кызматкерлери тарабынан таштандыларды туура эмес жерге таштоо фактыларын аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүштү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, рейддин жыйынтыгы менен бир катар чарбалык субъектилерге карата протоколдор түзүлдү.
Тартип бузгандардын тизмеси:
— Курманжан Датка, 266 дарегиндеги «Нова мед» жеке клиникасына таштандыларды туура эмес ыргыткандыгы үчүн 23 миң сом айып салынды;
— Курманжан Датка, 266/4 дарегиндеги «Компаньон Банкына» таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн 17 миң сом айып салынды;
— Махатма Ганди, 91 дарегиндеги «Газпром нефть» ЖАКына таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн 17 миң сом айып салынды;
— Фучик көчөсү, 15 дарегиндеги «Интермедикал» ЖАКына таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн 17 миң сом айып салынды;
— Жибек-Жолу, 183 дарегиндеги «Кофе и Точка» кафесине жанаша жайгашкан аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн 13 миң сом айып салынды.
— Фучик, 86 дарегиндеги «Бишкек Петролеум» ЖАКтын май куюучу жайы, таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн 13 миң сом өлчөмүндө айып салынды;
— Курманжан Датка, 304 дарегиндеги «Стронг» ЖАКсынын фитнес залына таштандыларды туура эмес жерге таштаганы үчүн 17 миң сом айып салынды;
— «Лев» тез тамактануучу жайына таштандыларды туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн 17 миң сом айып салынды;
— таштандыны туура эмес жерге ыргыткан ишкер А.Белековго 5500 сом айып салынган.
Белгилей кетсек, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 1-2-бөлүгүнө ылайык белгиленбеген жерлерге таштанды таштагандыгы үчүн 5 миң 500 сомдон 17 миң сомго чейин айып пул каралган.
Мындан тышкары, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежесинин 4/2 бөлүгүнө ылайык менчик түрүнө карабастан чарба субъектилери жанаша жайгашкан аймагын радиусу 10 метр аралыкта тазалык эрежелерин сактап туруусу зарыл. Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 114-беренесине ылайык, эрежелерди сактабаган адамдарга 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: