super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте бильярд боюнча дүйнө чемпиондугу башталды

 
Бишкектеги “Газпром” спорттук-эс алуу борборунда бильярд боюнча дүйнө чемпиондугунун ачылышы болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маадым болгондой, ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, калаа башчы Айбек Жунушалиев катышты.
Ага ылайык, өлкө тарыхында 6-ирет өтүп жаткан бильярд мелдешине 18 өлкөдөн 145 спортчу (128 эркек жана 17 аял) катышууда.
Жарым финал жана финалдык беттештер 1-2-март күндөрү өтөт.
Белгилей кетсек, мелдешке 24 ата мекендик спортчу катышууда, алардын арасында бильярд боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев жана дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Дастан Лепшаков бар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: