super.kg logo

Эми Кыргызстанда айып пулду өз убагында төлөбөгөн айдоочуларга пеня кошулбайт

 

Бүгүн, 28-февралдан тарта Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн кошумча туум жоюлду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Эреже бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы мыйзам бузуулар үчүн кошумча жазалар алынып салынды.

Буга чейин жол эрежесин бузуп, айып пулду убагында төлбөгөн айдоочуларга кошумча туум кошулчу.

"Бүгүндөн тарта айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн негизги айыпты гана төлөйт", - деп билдиришти ЖКККББдан.

Тагыраагы, эгерде сиздин 1000 сом айып пулуңуз болуп аны 100 күндөн кийин төлөсөңүз үстүнө дагы 1000 сом кошулчу. Эми андай болбой, 1000 сом айып пулду гана төлөйсүз, туум кошулбайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: