super.kg logo

Ошто абакта отурган 24 жаштагы жигит өзүнөн 15 жаш улуу кишилерди сабаганы аныкталды

 

Эркиндигинен ажыратуу жайларында опузалоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, соттолгон жана жазасын өтөп жаткан адамдар башка соттолгондордон коркутуу жолу менен акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай районунун 2000-жылы туулган тургуну К.К. соттолгон, №25 ТКЖ (Ош шаары) тергөө абагында кармалгандыгы аныкталган.

Аталган жаран мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде ыкчам каттоодо турат. Ал дагы эки опузалоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.

"Ал Жаза аткаруу кызматынын №25 камерасында отурганда 35 жаштагы камералашынан 10 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Соттолгон жаран туугандарына жана жакындарына кайрылып, талап кылынган сумманы опузалап акча талап кылган адамга которттурган.
Мындан тышкары, бул жаран аны менен бирге бир камерада отурган, 38 жаштагы жаранды сабап, өлүм менен коркутуп, жер тилкесин ага өткөрүп берүүнү талап кылган", - деп билдиришти ИИМден.
Бул эки факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү “Опузалап талап кылуу” боюнча кылмыш иши козголгон.
Соттолгон адамдын опузалап талап кылуунун башка фактыларына катыштыгы бар экендиги текшерилүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: