super.kg logo

Ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр: Ozon маркетплейси менен Соода-өнөр жай палатасы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

 

Кечээ, 28-февралда Бишкекте өлкөнүн Соода өнөр-жай палатасы менен Ozon маркетплейси Кыргызстанда электрондук сооданы биргелешип өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Кол коюу аземи Digital Kyrgyzstan Эл аралык ПЛАС-форумунун ишкер программасынын алкагында өтүп, ага Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев жана Ozonду КМШда өнүктүрүү жана операциялар боюнча директору Алексей Сапон катышты.

Тараптар республикада чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү, онлайн-соода сегментинде экономиканын гармониялуу өсүшүн камсыз кылууну макулдашышты.

"Биздин негизги милдетибиз - ЕАЭБ мейкиндигинде кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн товарларынын экспортун өнүктүрүү жана жайылтуу. Ozon КМШнын беш өлкөсүндө иштеп жаткан ири маркетплейстердин бири. Ал биздин ишкерлер менен кызматташууга даяр. Бүгүн кол коюлган меморандум ишкерлерди бизнести жеңил кенейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө окутуу үчүн биздин маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңири колдонууга жол ачат", - деди Темир Сариев.

Макулдашуунун алкагында өлкөдөгү ишкер аялдардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө да көмөк көрсөтүлөт. Мындан тышкары билим берүү иштери, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле өз ара тажрыйба алмашуулар жүрөт.

"Кыргызстандын электрондук коммерция рыногу тездик менен өсүүдө жана чоң потенциалга ээ. Ишкерлери ички-тышкы рынокто чоң суроо-талапка ээ болгон сапаттуу товарларды чыгарышат. Биз өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасы менен бирге ишкерлерге жаңы рынокторго чыгууга жана маркетплейсте акча жүгүртүүнү арттырууга жардам беребиз", - деди Алексей Сапон.

Эске салсак, Ozon Бишкекте өкүлчүлүгүн 2022-жылы ачкан. Былтыркы жылдын башында сорттоо борборун ишке киргизген. Бүгүнкү күндө өлкөдө анын логистикалык инфраструктурасы иштеп жатат. Анын негизинде товарлар "Кыргыз почтасынын" 800дөн ашык бөлүмүнө жана өлкөнүн аймактарындагы Boxberry берүү пункттарына жеткирилет. Ал эми Бишкектин тургундары буйрутмаларды чабармандар аркылуу үйүнө чейин алдырта алышат.

Маалымат үчүн: Ozon - өнүккөн логистикалык түйүнү бар мультикатегориялык маркетплейс. Компания Армения, Беларус, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Түркия жана Өзбекстанда бизнес жүргүзөт.

Бул соода аянтчасы 20дан ашык категориядагы 350 миллиондон ашык товардык аталыштарды камтыйт: китептерден жана кийимдерден тамак-ашка жана ден соолук буюмдарына чейин. 46 миллион активдүү сатып алуучулар Ozonдун өнүккөн логистикалык инфраструктурасынын жардамы менен буйрутмаларды алышат, бул дагы 450 миң ишкерге өз товарларын Орусияда жана КМШ өлкөлөрүндө сатууга мүмкүндүк берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: