Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушу май айынан тарта башталары айтылды
Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушу май айында башталат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев "Вечерний Бишкекке" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчысы капсула салган бир дагы иш токтогон эмес.
"Асман шаары май айында башталат. Токтоп калды деген туура эмес. Андан бери кагаз иштери жүрүп жатат. Инвесторлор тараптан техникалык-экономикалык негиздемесин кайрадан иштеп чыгалы деген сунуштар болуп, ТЭНсин кайрадан жасап жатышат. Азыр бүтөйүн деп калышты. Май айынан тарта инфраструктурасы башталат. Президент капсула салган бир дагы иш токтогон жок. Үч жылдан бери асты бүтүп, арткы курулуштар башталып жатат. Өзүңөр көрүп жатасыңар. Мына Бишкек шаарында 40 миң киши бата турган стадиондун курулушу башталып атат. Буга бир миллиард сом бөлүнүп берилди. Жакында Барселона стадиону менен шаарчасы башталат. Ар нерсенин өзүнүн бүтчү убагы болот да. Кичине сабыр кылып туралы", - деген Каныбек Туманбаев.
Белгилей кетсек, шаардын курулушуна расмий түрдө былтыр 30-июнда старт берилген. Президент Садыр Жапаров аталган иш-чарага катышып, шаардын курулушуна капсула салган.
Асман шаарын тыштан келген инверсторлор сала турганы айтылган. Мында 500 миңден 700 миңге чейин адам жашайт. Шаардын аянты 4 миң гектарды түзөт.
