super.kg logo

Бишкекте "Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" аталышында форум өттү (фото)

 

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин демилгеси менен "Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" аталышында форум өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумдун максаты – өлкөнүн министрлер кабинетинин "2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу" боюнча кабыл алынган иш-аракеттердин улуттук планын жүзөгө ашыруунун алкагында жарандардын коопсуздугун, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептерин жана шарттарын аныктоого жана жоюуга багытталды.

Форумдун башында видео тасмалары көрсөтүлүп, актёрлор тарабынан даярдалган “Үй-бүлөлүк зордук- зомбулук” тууралуу кыскача спектакль көрсөтүлдү.

Форумга ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев баш болгон бир катар аткаминерлер ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттары, шаардык, райондук ички иштер башкармалыктарынын башчылары, мекеме-ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Учурдун талабы – элдин коопсуздугу, укук тартибинин бекемделиши, өлкөдө туруктуулук бекем орнолушу үчүн жүрүп жаткан иш-чараларга катышып жаткан ар бир жаран, келечегибизге кайдыгер карабаган патриоттору экени талашсыз”, - деди Октябрь Урмамбетов.

Мындан тышкары ал ИИМ тарабынан укук бузууларга бөгөт коюу иштеринин натыйжасында коопсуздукту камсыздоо үчүн республика боюнча 3 миңден ашуун видеокамералар коомдук жайларга, көчөлөргө орнотулуп, күнү-түнү мониторинг иштери жүрүп, Бишкек шаарында 2023-жылдын ичинде изи сууй электе 404 кылмыштын бети ачылганын, издөөдө жүргөн 600гө жакын адам кармалганы боюнча кыскача маалымат берип өттү.

Форумдун соңунда ИИМ менен тыгыз иш алып барган бийлик өкүлдөрүнө жана милиция кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылып, алдын алуу иштерин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында резолюция кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: