super.kg logo

"Аягына чейин". Юлия Навальная Европарламентте күйөөсүнүн өлүмү тууралуу сөз сүйлөдү

 

Кечээ, 28-февралда Страсбургда Алексей Навальныйдын жесири Европарламенттин депутаттарынын алдында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ал өз сөзүндө Европарламенттин депутаттарын Владимир Путин менен күрөшүүгө чакырды.

"Путин менин күйөөмдү өлтүрдү. Бул Путиндин баарына даяр экенин жана аны менен сүйлөшүү мүмкүн эмес экенин көрсөттү. Муну Алексей эчак эле түшүнгөн. Путин уюшкан кылмыштуу топту жетектейт, анын ичинде ууландыруучулар жана киши өлтүргүчтөр бар. Ошондуктан, аны жеңүү үчүн саясий жана дипломатиялык чараларды эмес, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн ыкмаларын колдонушубуз керек", - деген ал.

Ал ошондой эле аягына чейин күрөшөрүн айткан. Баяндама аяктагандан кийин отургандар ордуларынан туруп, Юлия Навальнаяны кол чабуулар менен колдошкон.

Алексей Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдиргендей, Навальныйды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 1-мартта Москва убактысы боюнча саат 14:00дө Марьино чиркөөсүндө өтөт. Ушул эле күнү орус оппозициясынын лидеринин сөөгү Москвадагы Борисов көрүстөнүнө коюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: