super.kg logo

"Буюрганы ушул экен". Бишкекте ири өрт чыгып, адамдар эвакуацияланды (видео)

 

Кечээ, 28-февраль күнү кечинде Бишкектеги үч кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, куткаруучулар жалынды токтотуп калышты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык Ленин районунун Товарная 2 көчөсүндө жайгашкан турак үйдө болгон.

Өрттү өчүрүүгө саат 20:12де Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 20:20да 1, жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

"Өрт саат 21:27де толук өчүрүлүп, турак үйдөн 5 адам эвакуацияланган. Абалдары туруктуу.
Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн чатырынын болжол менен 170 чарчы метри өрттөнгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.
Өрт өчүрүүчүлөр өз кезегинде "Эмне кылабыз эми, буйрук ушундай экен. Арты жакшы болсун" деп турак үйдүн ээсин жооткотушту.





Бишкекте турак үй өрттндү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: