Улуттук курама команда Италиядагы бокс боюнча олимпиадалык тандоо турнирине катышат
Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Бусто-Арсицио (Италия) шаарында өтө турган дүйнөдөгү биринчи олимпиадалык тандоо турнирине катышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Спорттук күрөш боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинен үч спортчу катышат:
- Өмүрбек Бекжигит уулу 80 килограмм салмакта;
- Эркин Адылбек уулу 92 килограмм салмакта;
- Бакыт Токтосун уулу +92 килограмм салмакта.
Белгилей кетсек, сынак 29-февралда башталып, 12-мартка чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















