super.kg logo

Бишкекте жүк ташуучу унааларды күндүз жүргүзбөө сунушталды

 

Жол кырсыктарын жана унаа тыгынын жоюу үчүн Бишкекте күндүз чоң жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салыш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев айтты.

Ал жакында эле Аламүдүн-1 кичи районунда жүк ташуучу унаанын айдоочусунун окуучу кызды тебелеп кеткенин белгилеп, Бишкекте жол эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтты.

"Биздин шаар чоңоюп жатат, шаардын калкы миллиондон ашты. Демек, жол эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Мен сунуш кылат элем, башка чоң шаарларда жүк ташуучу унаалар кечки 9дан таңкы саат 6га чейин гана жүрөт. Биз дагы ушуну киргизишибиз керек. Чоң жүк ташуучу унааларды категорияга бөлүп туруп, кечки 9дан таңкы 6га чейин жүргүзүп, күндүз жүргөнгө тыюу салыш керек. Ошондо биз бир аз болсо дагы жол кырсыктарын азайтууга шарт түзүп берген болобуз.

Экинчи жагы жол тыгынын жоюунун бирден-бир жолу ушул", - деди ал.






Бишкекте жүк ташуучу унааларды күндүз жүргүзбөө сунушталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: