super.kg logo

Чойбеков Таласта прокуратура майыптыгы бар адамдын үйүн тартып алганы жатканын айтты

 

Бүгүн, 29-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйында депутат Бактыбек Чойбеков Талас районунун тургундары жер тилкелеринен ажырап, үйсүз калганын айтты.

Анын айтымында, 2000-жылы Көгөй айыл өкмөтү тарабынан тургундарга 400гө жакын жер тилеси бөлүнүп берилген. Бирок 2020-жылы 4 тургунга бөлүнүп берилген жер тилкеси мыйзамсыз деп табылып, үйлөрү буздурулган.

"20 жылдан кийин 400 жер тилкеден 4 адамдыкы мыйзамсыз болуп калганы адлетсиздик", - деди ал.

Чойбеков мындай маселе Калба айыл өкмөтүндө дагы болгонун дагы айтты.

"Калба айыл өкмөтү тарабынан 2014-жылы 89 жаранга жер берилген экен. Баягы эле райондук прокуратура сотко берип, жер тилкеси туура эмес берилген деп үйлөрүн тартып алганы жатат. Ошон үчүн адилеттүү карап, элдин тарабына чечиле тургандай кылып, Башкы прокуратурага протоколдук тапшырма берип коюуңуздарды өтүнөм. Ушуну карап берсеңиздер. Себеби ар бир жараныбызга шарт түзүп, мыйзамдаштырып бериш керек. Алардын арасында майыптыгы бар жараныбыз бар экен. Ошол жараныбыз 20 жылда бир времянка салыптыр, ошол времянкасын бузуп алып жатышат. Бул дагы адилетсиздик болуп жатат", - дейт эл өкүлү.

Ошондой эле ал мындай маселелердин ар бирине президент жетише албастыгын айтып, президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго маселени эл тарабына чечиле тургандай кылууну тапшырды.






Жогорку Кеңеш 29.02.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: