Нуржигит Кадырбеков: "Бишкек мозаика болуп калды"
Бишкек шаары мозаика болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
Ал жакында Американын чоң шаарларында болгонун айтып, Бишкек менен салыштырып өттү.
"Дүйнөдөгү эң бийик 50 имараттын 10у Чикагодо. Нью-Йоркто эле 1 971 бийик имарат бар. Ошонун 113ү бийиктик жагынан 183 метрден өтөт. Таң калыштуусу ошол жерге барсаң, кадимкидей шаардын ичинде шамал "аркырап" эле жүрүп жатат. Ошончо үйлөр турса дагы шамал токтоп калган эмес. Эмне себептен дегенде пландоо тура болгон. Чындап жолдорду карасаң берки учунан аркы башы көрүнөт. Бизде Бишкекти карагылачы, мозаика болуп калды. Чоңдугубуз ошол шаарлардын 10дон бириче дагы эмес. Болбосо тоонун жанында турабыз. Шамалдуу өрөөндөбүз, бирок шамал жүрбөй калды. Себеби эмне? Ушу шаар куруу кеңешин дагы бул жакка чакырып сурап коюш керек болуп калды.
Жерди кантип берип жатат, планды кантип түзүп жатат? Мисалы Маарив мектебине барыңыз, Америка университетине барыңыз үйлөрдү аралап өтөсүң, балдар өткөнгө аллеялар жок. Ушуну ким берип жатат. Бул жерде бир чоң коррупциянын булагы бар да. Токумдай жер болсо эле үй куруп сатып, "кайдан көрдүм кара эшек" деп кетип калып жатышат", - деди депутат.
Ошондой эле Кадырбеков борбордун мурдагы эски бөлүгү туура эмес пландалып калганын айтып, азыркы жаңы райондордо дагы жолдор тар курулуп жатканын белгиледи.
Жогорку Кеңеш 29.02.24
