Бишкекте жеке унаалардын айдоочуларына айып пул салынды





Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин адистери, Жол кыймылынын коппсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте рейд уюштурду. Бул тууралуу бүгүн, 29-февралда мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында Ю.Абдрахманов көчөсүнүн боюндагы аялдамалар, тактап айтканда, адатта эл көп чогулган "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы аялдамалар текшерилди.
Ага ылайык, тейлөө маданиятын, санитардык нормалардын сакталышын, жол кыймылынын эрежелерин, ошондой эле коомдук транспортторду аялдамаларга токтотуунун тууралыгын текшердик.
"Айдоочулардын GPS-трекерлерди колдонуусуна, транспорт ишканаларынын пландуу чыгууларына, накталай эмес төлөмдөрдү кубаттоого жана накталай төлөм жүргүзүүдө билеттерди берүү жана кабыл алуу эрежелерин сактоого көңүл бурулду",-деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, рейддин жүрүшүндө жол эрежесин бузуп, коомдук транспорттордогу жүргүнчүлөрдүн аялдамаларда ыңгайлуу отуруусуна тоскоолдук кылган жеке менчик унаалардын айдоочулары аныкталып, жазага тартылды. Бул мыйзам бузуучуларга карата административдик протоколдор түзүлдү.
