Жүрөк кемтиги менен жабыркаган 10 балага жыл сайын Кытайда операция жасалат






Жүрөк кемтиги менен жабыркаган кыргызстандык 10 балага жыл сайын Кытайда операция жасалат. Бул тууралуу маалыматты өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова социалдык тармактагы расмий баракчасына жарыялады.
Ага ылайык, Хэнань провинциясынан парткомдун катчысынын орун басары, "Сюнкэ" ооруканасынын вице-президенти Вэй Сян баштаган төрт дарыгер келди, алар менен Айгүл Жапарова, саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун директору жана башкалар жолугушту.
Тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын, тактап айтканда, эки өлкөнүн адистеринин ортосундагы ар түрдүү профилдеги тажрыйба алмашууну талкуулашты.
"Жолугушуунун алкагында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту менен "Сюнкэ" ооруканасынын ортосунда жыл сайын жүрөгү катуу жабыркаган кыргызстандык 10 балага операция жасоо жөнүндө Меморандум түзүлүп, ошондой эле жыл сайын беш адамдан турган кыргыз дарыгерлеринин бригадасын Кытайга квалификациясын жогорулатуу үчүн окутууга жөнөтүү макулдашылган", - деп айтылат маалыматта.
