super.kg logo

ИИМ жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет

 

Ички иштер министрлиги жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Министрликтен билдиришкендей, бомба тууралуу атайылап жалган маалымат таратуу коомдук коопсуздукка коркунуч келтирет. Мындай жалган кабарлар кадимкидей тартипти жана турмуштун нормалдуу ыргагын бузуп, мекеме-уюмдардын ишин аксатып, жарандарды эвакуациялоону талап кылат.

"Мындай учурларда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракеттери жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна чыныгы коркунучтун болушун алдын алууга багытталып, мүмкүн болуучу терс кесепеттерге жол бербөө максатында тыкыр текшерүүлөр жүргүзүлөт. Бул укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик кызматтарынын күчтөрүн жана каражаттарын түздөн-түз милдеттерин аткаруудан мажбурлап алаксытууга алып келет", - деп айтылат маалыматта.

Террордук акт жөнүндө атайылап жалган маалымат келип түшөрү менен ал жасалган кылмыш деп эсептелет. Көбүнчө мектептер, оюн-зоок жана соода борборлорунда бомба коюлду деп атайылап жалган билдирүү жасашат.

Мындай орунсуз тамашалар эркинен ажыратууга чейин алып келип, азабын өзү тартат.

Бул коомдук тартипке каршы кылмышка өлкөнүн кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси "Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо" каралган. Анын негизинде даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: