super.kg logo

Өлкөдө 144 күрөөкананын лицензиясы убактылуу токтотулду

 

Кыргызстанда 144 күрөөкананын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди.

Анын айтымында, ломбарддарды текшерүүгө мораторий киргизилген. Быйыл ал узартылды.

"Бирок буга карабастан келип түшкөн арыздардын негизинде иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында ломбарддарга айып пул салынды. Мындан тышкары, 144 ломбарддын лицензиясы токтотулуп, 10 күрөөкананыкы жокко чыгарылды. Ошондой эле ломбарддарга жазма буйруктар берилип жатат", - деди Марат Пирназаров.

Ал ошондой эле ломбарддар ишкердиктин бир түрү экенин белгилеп, ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилгенде ломбарддар да бул нормага кирерин кошумчалады.

Ал эми экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев кыргызстандыктар көбүнчө күрөөгө транспорт, тиричилик техникасын, смартфондор жана зер буюмдарды коюшарын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: