super.kg logo

Чоң Чүй каналынын жээгинен кийимдери табылган Асел: Кыз билдирүү калтырганы маалым болду

 

15-февралга караган түнү Кант шаарында 19 жаштагы Асел дайынсыз жоголгон. Анын кийими Чоң Чүй каналынын жээгинен табылган.

Кыздын атасы "Сокол Медиага" окуя кандай болгонун айтып берди. Анын айтымында кызын турмуш жолуна узатканына 2 эле ай болгон.

"Бул окуя түнкү саат 01:30 чамасында болуптур. Үйүндө күйөөсү менен чатакташа кетсе керек. Ошону менен сыртка чыгып кетип, дайыны жок. Чоң Чүй каналынын жээгине келип, курткасы, телефону, бут кийими ушул жакта калыптыр. Ошондон бери дайыны жок.

Эң биринчи кайнагасы аркасынан келип көрүптүр, анан милиция чакырышыптыр", - деди ал.

Ошондой эле ал кызы вотсапп аркылуу "Мен өлсөм Адылдан (күйөөсү) көргүлө" деп билдирүү жибергенин айтты.

"Турмушка узатканыма эки ай эле болгон. Эки жыл сүйлөшүп жүрүшүп, анан үйлөнүшкөн", - деди кыздын атасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: