super.kg logo

Бишкекте жасалма ылдамдык чектегичтер демонтаждалууда (сүрөт)

 

Борбор калаада жасалма ылдамдык чектегичтер демонтаж болууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда Бишкек шаары боюнча жасалма ылдамдык чектегичтердин саны 400дөн ашат. Алардын көпчүлүгү мамлекеттик стандартты эске албастан, өз билемдик менен орнотулган. Алар тыгындын пайда болушу жана көчөнүн сыйымдуулугунун азайышы сыяктуу ар кандай көйгөйлөргө алып келүүдө. Ошондой эле автотранспортту тейлөөгө кеткен чыгымды көбөйтүүдө.

Ага ылайык, жасалма ылдамдык чектегичтерден коомдук транспорт дагы зыянга учурап жатат.

"Ага байланыштуу, Айтиев, Набережная, Айни, Гагарин, Шералиев, Ворошилов, Москва, Сагынбай Манасчы ("Жасмин" кафеси), Матросов, 1а/22 көчөлөрүндө, ошондой эле "Ала-Тоо", "Калыс-Ордо", "Көлмө", "Ак-Босого", "Рухий мурас", "Ак-Ордо" жана ГЭС-2 конуштарында иш жүргүзүлөт",-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары штабдын жүрүшүндө коомдук транспорт каттаган Токтоналиев-М.Гшлиессер көчөсүнүн кесилишинде, Гмайнер атындагы окуу-тарбия комплексинин жанында жана Медеров көчөсүндө К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жанындагы жасалма ылдамдык чектегичтерин алып салуу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: