super.kg logo

"Европа сулуусу" сынагында украиналык, орусиялык жана беларустук кыздар жаңжал чыгарышты 

 

"Европа сулуусу 2024" сынагында Украина, Орусия жана Беларустан келген катышуучулардын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу Baza телеграм каналы жазды.

Сынакта баш байгени орусиялык Роза Гадиева уткан. Буга украиналык катышуучу Милена Мельничук нааразы болуп, өзүнүн социалдык тармактарына орусиялык сулууну жана мелдештин уюштуруучуларын чагымчылдык үчүн айыптаган.

Мельничук аны Гадиева менен сүрөткө түшүүгө мажбурлашканын билдирген. Ал ошондой эле коркутуп-үркүтүүлөр болгонун айткан. Мындан тышкары орусиялык сулуу сынакты сатып алган деген оюн жашырган эмес.

Украин сулуусунун нааразычылыгы жоопсуз калган эмес. Автобуста ызы-чуу салгандан кийин ага Беларустан келген катышуучу Ирина Максимович келип, жаман сөздөр менен тилдеген.

Тагыраагы Беларустан келген сулуу Милена Мельничукка согуштук аракеттер жөнүндө айткан.

"Сенде согушпу? Бул жерде эмне кылып жүрөсүң? Кайсы арың үчүн бул конкурска катышуу үчүн келдиң?", - деген беларустук сулуу.

Аны автобустан уюштуруучулар токтотуп калышкан.

"Мисс Европа-2024" сынагы 15-25-февраль аралыгында Ливандын Бейрут шаарында өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: