Акылбек Жапаров Ош-Кашгар-Ош авиа каттамын ачууну сунуштады
Акылбек Жапаров Кашгар шаарында Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушууда Ош-Кашгар-Ош авиа каттамын ачууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Билдиргендей, Жапаров Ош-Кашгар-Ош авиа каттамын ачуу сунушун киргизип, Ма Синжуй менен СУАР элдик өкмөтүнүн башчысы Эркин Туниязды иш сапар менен Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.
Ошондой эле жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасы "Эркеч-Там" бажы бекетине көмүр базасы менен ленталуу конвейерди куруу үчүн жер бөлүнгөнүн айткан.
Мындан тышкары тараптар энергетика, жер казынасын пайдалануу, айыл чарба продукциясын экспорттоо, электрондук соода жана бондалык зоналар туурасында маселелерди кенен талкуулашкан.
Өз кезегинде Ма Синжуй Акылбек Жапаровго жумушчу сапар менен Кашгар шаарына келгенине ыраазычылык билдирген.
