super.kg logo

Таласта 79 миллион сомго курулган 225 орунду мектеп пайдаланууга берилди (фото)

 

Бүгүн, 1-мартта Айтматов районуна караштуу Ак-Жар айылындагы А.Калыбаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган билим уясы төрт корпустан турган типтүү эмес мектептердин катарына кирип, мектептин алгачкы корпусу 1928-жылы пайдаланууга берилген. 2-корпусу 1990-жылы ашар жолу менен курулган. Ал эми 3-корпусу 1978-жылы фин тибинде, 4-корпус 2004-жылы ашар жолу менен курулуп, долбоор боюнча 180 окуучуга ылайыкташтырып ишке берилген. Бүгүнкү күнгө чейин мектепте 278 окуучу эки нөөмөт менен билим алып келишкен.

"Авариялык абалдагы деп эсептелинген А.Калыбаев атындагы орто мектебинин имаратынын эскилиги жеткендигине байланыштуу 2015-жылы республикалык буюджеттин эсебинен 225 орундуу эки кабат мектептин курулуш иштери башталып, акча каражатына байланыштуу курулуш иштери токтоп калган. 2022-жылы күз айларында курулуш иштери кайрадан жандандырылып, толугу менен курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Мектептин курулушунун жалпы сметалык наркы, эмеректери менен 79 миллион сомду түзүп, курулуш иштери “Арга Ишеним” ЖЧК тарабынан жүргүзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: