"Көпчүлүк аймакта кар жаайт". Ишемби күнгө карата аба ырайы
Эртен, 2-мартта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Ал эми Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт.
Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5 градус жылыйт.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабай, күндүз кар жаашы мүмкүн. Туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5° суук, күндүз -1…+1° жылуу болот.
