Бишкек мэриясы "МЭНС" курулуш компаниясы менен "Альфа Бетон" ишканасына айып салды
Бишкекте "МЭНС" ЖАК курулуш компаниясына жана "Альфа Бетон" ишканасына айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, рейддин жүрүшүндө муниципалдык инспекциянын кызматкерлери Б.Исакеев, 1/6 борбордун Октябрь районундагы "Альфа Бетон" ишканасы дөңгөлөктөрдү өрттөгөнүн аныкташкан. Жыйынтыгында аталган ишканага карата “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп, 23 миң сом айып салынган.
Ошондой эле Ленин районундагы Бакаев, 144, дареги боюнча жайгашкан "МЭНС" ЖАК курулуш ишканасынын курулуш таштандыларын белгисиз жайларга таштаганы үчүн ага да 23 миң сом айып салышты.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган компаниялардын өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, курулуш калдыктары белгиленбеген жерлерге ташталбашы керектиги, өндүрүш калдыктары жана зыяндуу заттар күйүп кетпеши боюнча эскертүү берилди", - деп айтылат маалыматта.
