super.kg logo

Бүтүрүүчүлөр үчүн кыргыз тилинен милдеттүү болгон тесттин баасы айтылды

 

Кыргыз тили боюнча милдеттүү тесттин баасы 200 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүүнү баалоо жана окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, аталган тест ЖРТнын алкагында өткөрүлөт.

"Абитуриент жогорку окуу жайга өтүшү үчүн милдеттүү түрдө мамлекеттик тил боюнча тест тапшырыш керек. "Ушул тесттин акысы кандай болот?" деген суроолор бар. Эгерде предметтик тесттерди ар бир адам өзүнүн каалоосу боюнча тандап алып жатса, мамлекеттик тестти бардык абитуриент тийиштүү түрдө тапшыруу керек болуп жаткандыктан биз бул тесттин суммасын аныктап чыктык. Көлөмү негизги тесттегидей өтө чоң болбойт. Ошондуктан тесттин акысы 200 сомду түзөт", - деди ал.

Ошондой эле Батракеева кыргыз тилинен милдеттүү тапшырылчу тест иштелип жатканын айтып, тест негизинен лексика, грамматика, окуу жана түшүнүү бөлүмдөрүнөн турарын белгиледи.

Мындан тышкары ал ар бир бүтүрүүчү ЖРТга каттоо акысын төлөөрүн эскертип, баасы жылдагыдай 470 сом болорун айтты.

Эске салсак, 7-февралда Билим берүү жана илим министрлиги бүтүрүүчүлөр кыргыз тилинен милдеттүү түрдө тест тапшыруу боюнча буйругун чыгарган. Бул маселе Жогорку Кеңештин 14-февралдагы жыйынында дагы көтөрүлүп, депутат Балбак Түлөбаев кыргыз тилин билбеген болочок абитуриенттердин тагдырына тынчсызданып жатканын айтып, министрликтин маалымат берүүсүн талап кылган. Ал эми парламенттин 21-февралдагы жыйынында министр Догдуркүл Кендирбаева ЖРТга кыргыз тили боюнча тест бүтүрүүчүнүн мамлекеттик тилди канчалык деңгээлде билерин аныктоо максатында гана киргизилип жатканын белгилеп, абитуриенттердин ЖОЖдорго өтүүсүнө тоскоолдук жаратпай турганын айткан.






01.03.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: