"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун каржылоо долбоору бекитилди
Бүгүн, 1-мартта Кашгар шаарында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй болуп үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Анда Жапаров "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушунун биргелешкен каржылоо долбоору жана техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, бекитилгенин айткан.
"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушу 3 өлкөнүн соода-экономикалык байланышынын динамикалуу өсүшүнө баа жеткис оң таасирин берет", - деген ал.
Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пунктары аркылуу жүктөрдү өткөрүүнүн көлөмүн көбөйтүү керектигин белгилеген.
"Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүктөрдү өткөрүүнүн көлөмүн көбөйтүү маселеси кыргыз жана кытай тарап үчүн да, өзбек тарап үчүн да актуалдуу экендиги талашсыз. Бул контекстте биздин өлкөлөр үчүн өткөрүү пункттарынын жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда аларды модернизациялоо, аймагын кеңейтүү жана бажы көзөмөлүнүн заманбап каражаттары менен жабдыктоо маанилүү көрүнөт"-деген Жапаров.
Мындан тышкары ал саатына 125 автоунаага чейин өткөрүүгө жөндөмдүү болгон заманбап текшерүү-кароо комплекстери сатып алынып жатканын маалымдап, алар "Эркеч-Там" жана "Торугарт" постторуна орнотула турганын айткан. Муну менен кыргыз тарапта ар бир өткөрүү пунктун суткасына миң унаага чейин өткөрүүгө ыңгайлаштыруу максаты бар экенин кошумчалаган.
Өз кезегинде Ма Синжуй эки жана көп тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө, соода-экономикалык байланышты илгерилетүүгө кызыктар экенин билдирсе, Абдулла Арипов "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун курууда биргелешкен ишкана түзүүнү колдоп, мультимодалдык транспорттук каттамдарды өркүндөтүүгө Өзбекстан тарап кызыктар экенин айтып өткөн.
