Кар малтаган мугалимдер эсиңиздеби? Алар каармандыгы үчүн сыйланышты (фото)










Билим берүү жана илим министрлигинде мугалимдик кесипти аркалап,үлгү боло алган мугалим айымдар кабыл алынды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда министр Догдуркул Кендирбаева жумушунда каармандык көрсөтүп, ак дилден эмгек кылып, келечек муунга билим берип жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдирди.
"Баланы сүйүп, балдарга мээрим берип, жумуштан ырахат алып иштеңиздер", - деди Догдуркул Кендирбаева.
Буга чейин социалдык тармактарда кар кечип, мектепте сабакты үзгүлтүккө учуратпай барган Кара-Кулжа районундагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Каныкей Ыдырысова жана Ысык-Көлдүн мугалимдери Дамира Султанбаева, Бактыгул Дадакеевалардын видео тасмалары калкка кеңири тараган.
Мектепте билим гана бербестен тарбиялык иштерде үлгү көрсөтүп, социалдык жактан аз камсыз болгон эки окуучуга жардам көрсөтүп, бирин дарылоого көмөк көрсөтүп, үй шартын дагы оңдоп, актап сырдап чыгышкан. Бул кайрымдуулук иштерге ыктыярчы кылып окуучуларды дагы тартып, башкаларга үлгү көрсөткөн Токмок шаарындагы мектептин үч мугалими Аида Абирова, Фатима Бейшекеева, Мээрим Кеңешбек кызы министрдин кабыл алуусунда болушту.
Аларга кылган иштери үчүн ыраазычылык кат ошондой эле жайында Ысык-Көлдө эс алууга жолдомо тапшырылды.
