super.kg logo

"Өлкө жетекчилиги менен байланышым бар". Активист Бекзат Өмүрбеков алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Бишкек шаарында активист Бекзат Өмүрбеков алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыр 21-июнунда Биринчи май РИИБине Т.И аттуу жаран Ө.Б жана Ш. Т аттуу жарандарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.
"Анткени алар облустун региондорунун биринин башчысы кызматына ишке орноштуруп берем деп жабырлануучудан 50 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражат алышкан. Андан соң изин жашырып кетишкен.
Аталган факты боюнча Биринчи май РИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон", - деп жазылат анда.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган Бекзат Өмүрбеков аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталып жаткандыгы айтылат.
"Шектелген жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тартып же кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү телефон номерлери аркылуу билдирүүңүздү өтүнөбүз: 0 700 00 20 20 жана 102", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: