super.kg logo

Сүйөркулов көчөсүндөгү имараттын жашоочуларына ипотекага салынган үйлөрдөн берүү пландалууда

 
Бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Суеркулов 16/1 көчөсүндөгү көп кабаттуу имараттын жашоочуларын кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматтарга караганда, тургундар батирлерди мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу алуу сунушун айтышкан.
Өз кезегинде шаар башчысы бул демилге көзөмөлгө алынып, турак-жайга муктаж болгондорго мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батир алууга көмөк көрсөтүлөрүн белгилеген.
"Сүйөркулов көчөсү, 16\1 дарегинде 24 кеңсе жайы жайгашкан 1-кабаттын бүт имараты, ошондой эле 2-4-кабаттын жарымы коммерциялык сатууга ылайыкташтырылган. 5-кабаттан 9-кабатка чейин 45 кеңсе бөлмөсү курулган.
Бүгүнкү күндө 69 кеңсе жайдын бардыгында жашоочулар жашайт, башкача айтканда, алар бул объектини турак-жай катары пайдаланышат", - деп жазылат анда.
Эске салсак, 1-март күнү Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын ушул жылдын 9-февралындагы катынын негизинде Сүйөркулов көчөсү 16/1 дарегинде электр жарыгы жана суу өчүрүлгөн.
Ошондой эле көп кабаттуу имараттагы 6 үй-бүлө убактылуу жашоочу жайларга жайгаштырылганы айтылды.

Бул көп кабаттуу турак-жайдын жашоочулары батирлерди мыйзамдуу сатып алышканын, башка жакка көчпөй турганын айтышып, бир нече жолу митингге чыгышкан.

Ага ылайык, ижарачылар батирлерди "Квартал строй" ишканасынан алышкан. Бирок имарат "Нур-Жаннат-ЛТД" компаниясына тиешелүү экени көрсөтүлүп, ал бизнес борбор үчүн салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: