Эми улакчыларга оюн учурунда жаракат алса компенсация төлөнөт

Анын айтымында, оюнчулардын ден соолугун камсыздандыруу процесси башталды.
"Ар бир команда мамлекеттик камсыздандыруу процедурасынан өтүшү керек. Полисти албагандар турнирлерге катыша албайт. Тиешелүү полисти алгачкылардан болуп Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасынын жалпы оюнчулары алды", - деди Максутов.
Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси Майрамбек Касиевдин айтымында, көкбөрүчүлөр менен биринчи жолу ушундай документке кол коюлуп жатат. Ага ылайык, оюнчулар турнир жүрүшүндө кандайдыр бир жаракат алган учурда, Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы 200 миң сомго чейин медициналык чыгымды төлөп бермекчи. Ал эми көкбөрүчүлөр алдын ала өзүн камсыздоо үчүн мамлекетке бир жылга 2800 сом төлөйт.
Оюнчуларды камсыздандыруудан өткөрүү процесси бара-бара милдеттүү талап болору кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.