ӨКМ жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги музда жүрүм-турум эрежелерин жана коопсуздук эрежелерин жарыялады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, муздун үстүнө кар жаап, туман түшкөндө жана караңгыда чыкпоо зарыл.
Ошондой эле төмөнкү эрежелерди сактоо керек:
- көлмөнүн үстүнө тоңгон муздун үстүнө эч качан жалгыз барбаңыз, муздун калыңдыгын текшерүү үчүн бутуңуз менен тепкилебеңиз;
- кар астындагы музда сизге көрүнбөгөн жаракалар, тешиктер болот. Атүгүл эшиктеги сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, ал жарылып кетиши толук мүмкүн;
- калыңдыгы 5 см муз чоң кишини көтөрө албайт;
- ал эми 10 см болгон муздун үстүндө балык уулоого болот. Бирок муз үстүндө басууга болбойт;
- 12 см калыңдыктагы музда кар унаасы (снегаход) 20-30 см музда жеңил унаа, калыңдыгы 30-38 см болгон музда жүк ташуучу унаа жүрө алат.
Эске салсак, кечээ, 2-мартта Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөдө муз тээп ойноп жүргөн 5 бала сууга түшүп кеткен. Анын үчөө жергиликтүү тургундар тарабынан куткарылса, экөө сууга чөгүп каза тапты.
Жергиликтүү тургундар мындай каргашалуу окуя биринчи жолу эмес экенин айтышкан.
