super.kg logo

Ысык-Көлдө Эңилчек айылындагы мектеп өрттөнүп кетти (фото)

 

Бүгүн, 3-мартта Ысык-Көл облусунун Ак-суу районуна караштуу Эңилчек айылындагы мектеп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматтарга караганда, кырсык бүгүн, болжол менен таңкы саат 9:00дө катталган. Бактыга жараша жалын учурунда мекемеде адамдар болгон эмес.

"Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, бул кырсыкаа байланыштуу тиешелүү кызматтарга жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө коопсуздукту камсыздоо жана окуу процессинин үзгүлтүккө учурашына жол бербөө боюнча так тапшырмаларды берди.

Учурда жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары өрттүн келип чыгуу себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн иликтөө иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында, айыл өкмөттүн имаратында убактылуу билим алышары кошумчаланды.

Эске салсак, аталган мектепте 23 окуучу билим алат. Мектеп имараты 1980-жылы кирпичтен курулуп, 4 класс, мугалимдер бөлмөсү, ашкана жана актовый зал бар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: