Жалал-Абадда балдар ооруканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди





Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарындагы балдар ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Ага ылайык, имаратта 25 орундуу хирургиялык бөлүм, 20 орундуу травматологиялык бөлүм жана жеңил дартка чалдыккан балдарды караган бөлүм бар.
Имаратты ачуу салтанатына министр Алымкадыр Бейшеналиев жана облустун, шаардын жетекчилери катышты.
"Бүгүн биз облустук балдар ооруканасынын ачылышына күбө болуудабыз. Мында облустун бардык райондорунан келген балдар медициналык жардам ала алышат. Жалал-Абад облусунда 1 миллион 300 миң адам жашаса, алардын 48 миң 786сы 14 жашка чейинки балдар. Бул заманбап имарат жана жабдуулар балдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга чоң жардам берерине ишенем", - деди министр.
Эске салсак, балдар ооруканасынын жаңы имараты 2022-жылы салына баштаган. Курулуш иштерин "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук фонду каржылаган.
