Эскертүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
Кабарлангандай, 4-5-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Алар:
- Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымы;
- Бишкек— Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымы (Долон ашуусу), 353-357-чакырымы (Кызыл-Бел ашуусу);
- Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымы (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси),
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чак. (Чоң-Ашуу ашуусу) .
Министрликтен жолдор тайгак болуп, муз тоңорун баса белгилешип, айдоочулардын эсине унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.