Ошто мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды



Ошто мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-мартта Ош облусунун аймагынан жүзүн таануу системасы орнотулган сырткы байкоо камералары аркылуу Орусиянын У.А. аттуу жараны кармалган. Видеобайкоо камерасы жогорудагы жаранды мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адам катары тааныган.
Кармалган жаран 2012-жылы Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.