Бишкекте жаңы ЖЭБ куруу пландалууда
Бишкекте жаңы Жылуулук электр борборун куруу пландалууда. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев маалымат жыйында билдирди.
Ал бул долбоорду иштеп чыгуу былтыр күзүндө эле башталганын белгилеп, учурда келишимдерге кол коюулар болуп жатканын айтты.
"Бизде көп жылдардан бери иштебеген "Айыл чарба машина куруу заводу" деген котельный бар, ошону дагы бир ЖЭБ кылалы деп жатабыз. Кубаттуулугу 100 МВт электр жана 200-300 МВт жылуулук болмокчу. Бул Бишкектин батыш тарабындагы жылуулук алган керектөөчүлөрдү камсыздайт", - деди ал.
Ошондой эле министрдин орун басары Бишкектин четиндеги Селекция айылында жайгашкан ЖЭБ-2ни ишке киргизүү боюнча дагы бир чоң долбоор пландалып жатканын айтып, инвесторлор чыгып жатканын билдирди.
"Анын кубаттуулугу болжол менен 110 МВТ электр энергиясын түзөт. Жылуулук жагынан кубаттуулугу болжол менен 170 МВТ болот", - деди Байгазиев.
04.03.24
