Баткендин Кулунду айылына мамлекеттик нотариалдык кеңсе ачылды




Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында мамлекеттик нотариалдык кеңсенин ачылуу аземи болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта парламенттин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кулунду айылындагы мамлекеттик нотариалдык кеңсе негизинен Кулунду, Жаңы-Жер, Бешкент жана Кең-Талаа айыл аймактарынын элине юридикалык кызмат көрсөтөт. Бүгүнкү күнгө чейин аталган айыл аймактын 50 миңден ашуун тургундары мындай кызматтарды алуу үчүн 50-70 чакырым аралык алыстыкта жайгашкан Раззаков шаарына барууга аргасыз болгон.
Иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаты Миргүл Темирбаева, Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Канымет Осмонбеков, акимдин орун басары Максатай Каримбердиева жана тийиштүү жетекчилер, жергиликтүү тургундар катышты.
