Таалайбек Байгазиев: "Токтогулда суунун көлөмү 6,5 миллиард куб метр чекке түшсө ГЭС аварияга учурайт"
Токтогул ГЭСи иштеп туруу үчүн суунун көлөмүн 6,5 миллиард куб метрден түшүрбөө керек. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев маалымат жыйынында билдирди.
"Токтогул ГЭСинин иштөөсүнө такыр шарт түзбөгөн суу көлөмү 6,5 миллиард куб метрден ылдыйды түзөт. Бул көлөмгө чейин биз жеткирбешибиз керек", - деди ал.
Анын айтымында, суу сактагычтагы суунун көлөмүнүн түшүшүнө өлкөдө электр энергияны пайдалануу көлөмү өскөнү себеп болууда.
"Март айына коюлган божомолдор десек болот. Кыргызстандын 1 суткадагы электр энергиясын пайдалануу көлөмү 54 миллион киловат саатты түзүш керек. Бүгүнкү күндө 69 миллион киловатт саатты түзүп жатат", - дейт министрдин орун басары.
Ошондой эле Байгазиев коңшу мамлекеттер бизге берип жаткан электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүп берсе, суу сактагычтагы суу 7,5 миллиард метр кубдан төмөн түшпөй турганын айтты.
Мындан тышкары ал маалымат жыйынында азыр аталган суу сактагычта суунун көлөмү 7,753 миллиард куб метр экенин, өткөн жылы бул мезгилде 8,035 миллиард болгонун кошумчалады.
