super.kg logo

Малайзия 10 жыл мурда жоголгон учагын кайра издей баштады

 

Малайзия 2014-жылы Куала-Лумпурдан Пекинге учуп бара жатып дайынсыз жоголгон учакты издөөнү кайра баштоону пландоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Малайзиянын Транспорт министрлигинин башчысы Энтони Лок Сиеу Фук түшүндүргөндөй, учакты издөө үчүн Ocean Infinity компаниясы менен сүйлөшүү жүргөн. Малайзия өкмөтү учак табылса гана каражатты которуу боюнча макулдашышкан. Министр издөө иштерин кайра баштоо үчүн компания менен жаңы келишимге кол коюуга өкмөттөн тез арада уруксат алуу үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын кошумчалаган.

Эске сала кетсек, 2014-жылдын 8-мартына караган түнү бортунда 227 жүргүнчү жана 12 экипаж мүчөсү бар Malaysia Airlines авиакомпаниясынын Боинг 777-200 учагы радардын жоголуп кеткен. Учак Куала-Лумпурдан Пекинге учуп бара жаткан. Учак Инд океанынын түштүгүндө кыйраган болушу мүмкүн. Издөө иштери учак кыйраган жерди аныктай алган эмес жана издөө токтогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: