super.kg logo

Жер титирөө маалында эмне кылуу керек? ӨКМ жооп берет

 

Бүгүн 4-мартта Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Ал эми коңшу Казакстанда жер титирөөнун күчү 5,4 балл болгону айтылууда.

Буга байланышуу Өгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөө маалындагы алгачкы кадамдарга токтолду:

  • Эгерде сиз көп кабаттуу үйдүн 1-кабатында же болбосо жер үйдө жашасаңыз тезинен коопсуз жерге чыгуу зарыл;
  • Көп кабаттуу үйдүн экинчи же андан жогорку кабаттарында болсоңуз, имараттан чыгып кетүүгө аракет кылбаңыз;
  • Лифт колдонууга жана тепкич менен түшүүгө болбойт;
  • Керектүү документтер, буюмдар салынган баштыкты даярдап коюңуз;
  • Эң башкысы дүрбөлөңгө түшпөңүз;
  • Жер титирөөдө терезеден оолак болууну унутпайлы;
  • Негизги дубалдардын бириккен жеринде туруңуз;
  • Бийик имараттардын жанында болсоңуз, урандылардан жаракат албаш үчүн ачык жерге баруу зарыл;
  • Жогорку кабаттан секирбеңиз;
  • Керебеттин жана столдун астына жашынбаңыз;
  • Үзүлгөн электр чубалгыларынан оолак болуңуз.
  • Өзгөчө кырдаалдардан турак-жайыңызды камсыздандыруу зарыл.
  • “112” кызматына маалымат бериңиз.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөнүн качан жана күчү канча балл болоорун так айтуу мүмкүн эместигин эскертип, ар дайым сак болууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: