Эмгек министри Гүлнара Баатыровага кантип кайрылса болот? Министрликтин жообу
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова ар жума күнү саат 09:00дөн 11:00гө чейин жарандарды кабыл алат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, министрдин орун басарлары да жума сайын кабыл алууларды өткөрүп турушат. Министрге же орун басарларга жазылуу үчүн коомдук кабылдамага чалуу керек.
Ошону менен бирге Эмгек жана социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ар кандай форматта – жеке кабыл алуу, коомдук кабылдама, онлайн коомдук кабылдама, социалдык түйүндөр аркылуу кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыздаган.
"Министр Гүлнара Баатырованын жетекчилигинин алдында жана жеке катышуусу менен WhatsApp топтору түзүлүп, министр өзү жана орун басарлары, түзүмдүк-ведомстволук бөлүмдөрдүн, республика боюнча аймактык башкармалыктарынын жетекчилери отуруп, жөлөк пулдар, төлөмдөрдүн башка түрлөрү боюнча, министрликтин кызматтары боюнча келип түшкөн суроолорго өз убагында жооп берип жатышат", - деп айтылат маалыматта.
Министрге улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кайрылып жатканы жана аларга жөлөк пулдар, “Социалдык контракт” программасына катышуу, майыптыгы бар адамдарды колдоо жана башка маселелер боюнча кеңештер берилип, зарыл болгон учурда тиешелүү бөлүмдөргө ишке ашырууга өткөрүлүп жатканы кошумчаланды.
