Бокс боюнча лицензиялык турнир: Бүгүн Мунарбек Сейитбек уулу жана Өмүрбек Бекжигит уулу күч сынашат

Маалыматка ылайык, рингде Сейитбек Мунарбек уулу (57 килограмм) бразилиялык мушкер Луис Оливейра менен беттешет. Ошондой эле, Өмүрбек Бекжигит уулу (80 килограмм) грузиялык мушкер Георгий Гуцаев менен күч сынашат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө өтөт.
Белгилей кетсек, бокс боюнча улуттук курама командасы Бусто-Арсицио шаарында (Италия) өтүп жаткан Дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык мелдешине катышып жатат. Мелдеш 3-март күнү башталган.
Ага байланыштуу кечээ, 3-мартта 51 килограммга чейинки салмакта катышып жаткан Нуржигит Дүйшөбаев аргентиналык мушкер менен беттешип, жеңилип калган.
Эске салсак, бокс боюнча Италияда өтүп жаткан Дүйнөлүк биринчи олимпиадалык квалификациялык турнир 12-март күнү жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.