Төрага Шакиев баштаган депутаттар Англияда жашаган мекендештер менен жолугушат
Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Улуу Британияга иш сапар менен барды.
Парламенттенин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш сапардын алкагында төрага Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулайт. Ошондой эле Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жана өнүгүүсүнө арналган тегерек столго катышып, Улуу Британияда жашаган мекендештер менен да жолугушат.
Белгилей кетсек, парламенттик делегациянын курамында депутаттар Улан Примов, Жанарбек Акаев, Лейла Лурова, Элдар Сулайманов жана Жылдыз Садырбаева бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

