Жалал-Абад ОИИБинде Жогорку Кеңештин медалы тапшырылды





Жалал-Абад ОИИБинде Жогорку Кеңештин медалы тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери Ирлан Казбек уулу “Жогорку Кеңешке 85 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды.
Ошондой эле 21-22-февраль күндөрү Бишкек шаарында болуп өткөн белбоо күрөшү боюнча өлкө чемпиондугунда байгелүү орундарды багындырган ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын бир катар кызматкерлерине медаль жана дипломдор тапшырылды.
Сыйлык ээлерин Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Мындан сырткары кызматкерлерди коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болуп, өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга чакырды.
