Алматыда турнир учурунда жер титиреп, кыргыз спортчусу жашынууга аракет кылды (видео)
Казакстан менен Кыргызстандын бильярдчылары эл аралык турнирдин алкагында беттешип жатканда Алматыда жер титиреди. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Мелдештин экинчи айлампасында кыргызстандык Кубанычбек Сагындыков менен казакстандык Константин Цой беттешкен. Эки бильярдчы ойноп жаткан маалда жер титирөө болуп, алар жашынууга аракет кылып, оюн үзгүлтүккө учураган.
Бир нече мүнөттөн кийин эки спортчу тең столго кайтып келишип, беттешти жыйынтыкташкан. Оюнда Казакстандын өкүлү жеңишке жетти.
Алматыдагы жер титирөөдө кыргыз спортчусу жашынууга аракет кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.